• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто аксакалды аёосуз сабаган адам кармалды

26 Баш оона 2020 13:45 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районунда 81 жаштагы карыяны ур-тепкиге алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шектүү Кара-Суу шаарынын 36 жаштагы М.Т. аттуу тургуну кечээ, 25-август күнү болжол менен саат 23:30да кармалган.

Милиция кызматкерлерине шектүүнүн  үйүнө барган учурда ал качып кетүүгө аракет кылып, каршылык көрсөткөн. Натыйжада бир милиция кызматкери жаракат алган. Ал окуя боюнча КР Жазык кодексинин 355-беренсинин (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Азыркы учурда шектүү М.Т. КР Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Кылмышка шектүү мурда 3 ирет 165, 164-беренелери (164-берене боюнча эки жолу) боюнча 2011, 2013 жана 2015-жылдары соттолгондугу белгилүү болду. Териштирүү иштери Кара-Суу райондук милициясынын Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө. Кылмышка шектүү сүйлөй албагандыктан дудуктардын тилин билген атайын адис чакыртылып, котормочу катары тергөөгө көмөктөшөт», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, социалдык түйүндөрдө калпак кийген улгайган адамды жаш жигиттин катуу сабаган видеосу тараган болчу. Окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп, аталган жигит изделип жаткан.

Количество просмотров: 208