Кыргызстанда 84 дарыкана уруксат берилген документи жок, дары сатып иштеп келген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, дары-дармек жана медициналык буюмдар боюнча департамент фармацевдик мекемелердин лицензиясын бар-жогун текшерген.
«Бишкектен 30, Оштон 37, Таластан 8, Нарындан 5, Ысык-Көлдөн 4 дарыкана чыккан. Комиссия топтолгон материалдарды прокуратура органына берет»,-деп айтылат маалыматта.