9-июлга карата 845 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
Айыккандар:
Бишкек – 422;
Ош шаары – 41;
Чүй облусу – 121;
Ош облусу – 85;
Талас облусу – 8;
Нарын облусу – 6;
Ысык-Көл облусу – 30;
Жалал-Абад облусу – 94;
Баткен облусу – 38;
Өлкодө муну менен айыккандардын жалпы саны 116 миң 358 болду.