• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Коронавирус: 930 жаңы учур катталып, 13 киши каза болду

29 Теке 2021 9:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 930 адамдан жаңы табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында — 528;

Ош шаарында — 4;

Чүй облусунда — 142;

Ош облусунда — 43;

Талас облусунда — 16;

Нарын облусунда — 17;

Ысык-Көл облусунда — 57;

Жалал-Абад облусунда — 67;

Баткен облусунда — 56 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 1 миң 460 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 13 адам каза болгон. Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 3 миң 746 адам, ал эми амбулатордук түрдө 12 миң 164 бейтап дарыланууда.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 161 миң 15 учур катталды. Анын ичинен 141 миң 499 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 301 бейтап ажал тапты.

Количество просмотров: 243