• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

85 жаштагы студенти Мамат Кулматов контракт төлөөдөн бошотулду

21 Жетинин айы 202220:10 Бишкек Govori.TV

Ош мамлекеттик университети 85 жаштагы биринчи курстун студенти Мамат Кулматовду контракт төлөөдөн бошотту.

Ошондой эле Кулматовго жатаканадан бөлмө берилди.

«Азаттык» буга чейин Кулматов батирде жашап, университте окуусуна ай сайын 2500 сом контракт төлөп жүргөнүн жазат.

«Учурда шарты жакшы жатаканада жашап жатам. Мындай шартты окуу жай түзүп берди. Кубанып турам. Келишим боюнча жылына 45 миң сом төлөшүм керек эле. Эми акысыз окуйсуз дешти», — деп билдирген «Азаттыкка» карыя.

Количество просмотров: 81