• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

89 адам COVID жуктуруп, 2 бейтап каза болду

21 Аяк оона 2021 9:52 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 21-сентябрга карата коронавирус 89 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар:

Бишкек шаарында – 53,

Чүй облусунда – 17,

Ош облусунда — 1,

Талас облусунда – 2,

Нарын облусунда – 1,

Ысык-Көл облусунда – 6,

Жалал-Абад облусунда – 6,

Баткен облусунда — 3.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 2 бейтап каза болду.

Ал эми бир суткада 108 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 571 бейтап, амбулатордук түрдө 865 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 869 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 369 киши айыгып чыкса, 2 миң 592 адам каза болду.

Количество просмотров: 94