• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

9 айда Кыргызстанга 3 миллиондон ашык турист келген

15 Үчтүн айы 202517:22 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 9 айында Кыргызстанга 3 млн 280,7 миң турист келген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарында айтылат.

Бул убакытта Кыргызстанга келген туристтер 807,7 млн доллар коротушкан. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 0,1 пайызга көп.

Ал эми кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө эс алууга тогуз айда 427,4 млн доллар сарпташкан. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга, башкача айтканда, 20,8 млн долларга өскөн.

Статкомдон белгилешкендей, 2023-жылы Кыргызстанга 2 млн 864,2 миң турист келген.

Количество просмотров: 258