• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

9-май: Өзбекстандын президенти кыргыз элин куттуктады

9 Бугу 2022 12:06 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

“9-май – биздин элдерибиздин жеңилгис эрдигин жана кайраттуулугун, тынчтык жана эркиндик үчүн кайраттуу күрөшүн, өз ара тилектештикти символдоштурган ыйык майрамдын күнү. Бул майрамдарда биз согуш талаасында жанаша баатырларча салгылашкан ардагерлерибизди жана тылда жан аябаган аталарыбызды, чоң аталарыбызды терең урматтоо менен эскерип, аларга чексиз урмат-сыйыбызды билдиребиз. Биздин жогорку деңгээлдеги жолугушууларыбыздын жана жетишилген бардык макулдашууларды толук ишке ашыруунун натыйжасында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы тыгыз достуктун жана ынак коңшулаштыктын негизинде түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүк мамилелери дагы жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө ишенем”, — деп айтылат Өзбекстандын президентинин куттуктоосунда.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде албан ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине мындан аркы бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Количество просмотров: 91