Бишкек. 06.05.2018. Govori.TV.
7-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 17…25;
Талас аймагында түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;
Ысык-Көл кылаасында 2…7, күндүз 15…20;
Нарын дубанында түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23 градуска чейин жетет.
7-майда Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…10, күндүз 17…25 градус болот.
9-майда жаан чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте 28 градуска чейин жетет. Негизи 8 майдан 11 майга чейин аба ырайы ачык болот.
12-13 мая аба ырайы кескин өзгөрүлөт, жаан-чачын катуу жаайт, тоолу аймактарда кар жаашы күтүлүудө.