• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

9-ноябрга карата аба ырайы

8 Жетинин айы 2018 15:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.11.2018.Govori.TV.
Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас,Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына туман түшүшү ыктымал. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0 …-5, күндүз 4 …9;
Таласта түнкүсүн -8 …-13, күндүз 0 …-5;
Баткен облусунда түнкүсүн -1 …-6, күндүз 3 …8;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1 …+4, күндүз 5 …10;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0 …-5, күндүз -2 …+3;
Нарында түнкүсүн -5 …-10, күндүз -4 …+1;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11 …-16, күндүз -4 …-9 болот.
9-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 4…6° болот.
Количество просмотров: 30