9-сентбярда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда бир аз жаан себелеп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27,
Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26,
Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,
Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26 градус.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 27…27 градус.