• Ишенби 13 Кулжа 2026
  • Суббота 13 Июнь 2026

9 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 2007-жылы туулган өспүрүм кармалды

23 Жалган куран 202311:58 Бишкек Govori.TV

Өзгөндө 9 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 2007-жылы туулган өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, 14-мартта Өзгөн райондук милициясына 38 жаштагы Д.Х. (аял киши) аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда анын 9 жаштагы кызы белгисиз жаран тарабынан зордукталганы жазылган.

Арыз кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”) менен кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн шаарынын А.О. аттуу өспүрүм кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 876