Жолчулар түнү менен селдин кесепетин жоюу иштерин аткарышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри билдирди.
Маалым болгондой, Маданият-Майлуу-Суу автожолунун болжол менен 12 жерден сел жүрүп, кум-шагыл массасы түшүп, каттам жабылып калган, учурда №22 ЖТИ тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп, каттам бир тараптуу берилди. Бишкек-Ош автожулунун 422 км аралыгында жамгыр жаагандыгына байланыштуу жолго таштар түшүп, каттам бир тараптуу болууда. Тазалоо иштери №30 ЖТИ тарабынан аткарылып жатат.
»Барпы-Ийри-Суу-Өзгөн автожолунун 2+500 км сел жүрүп, агым массасы жолду жабып калган, азыркы учурда №22 ЖТИ тарабынан тазалоо иштери жүрүп, бир тарапттуу каттам бар. Базар-Коргон-Арстанбап автожолунун 7 км 28 км чейин аралыктарында 10 жерде майда Ош-Сары-Таш-Эркештам авто унаа жолунун 10 чакырымын сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлдү. Куршаб -Жалпак-Таш автоунаа жолунун 5-7чакырым аралыгында сел жүргөн, учурда автоунаалар үчүн каттам ачылды. Ошондой эле Бишкек -Ош автоунаа жолунун 624-626 чакырымында сел жүрүп тазалоо жумуштары аткарылды»,-деди Текебаев.
Башка райондордо каттамдар ачык экени кошумчаланды.