• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ысык-Көлдө эки жаштагы наристе бала бакчадан кийин чарчап калды

12 Бирдин айы 2018 14:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.02.2018. Govori.TV.
9-февралда, Каракол шаарында бала бакчага 2 жаштагы баланы жакындары алып келишкен. Кийин саат 11:00дөр чамасында баланын дем алуусу кыйындап абалы оорлогондо «Тез жардам» кызматын чакырышкан. Ал ооруканада 1 күн эсине келбей жатып, 10-февралда саат 16:00дөр чамасында каза болгон.
Алгачкы маалыматка ылайык, бала бакчада 2 жаштагы баланы сабап ал ооруканада өзүнө келбей каза болгон деп кабарланган.
Бирок ички иштер башкармалыгы, алдын ала маалыматтар боюнча эки жашар бала оорудан улам каза болгон деп билдиришти. Милиция кызматкерлери, балага мурда суук  тийип, ошол оорудан улам каза болгон, деп божомолдоп айтышты.
Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалды, иликтөө  иштери жүрүп жатат.
Количество просмотров: 34