Алмазбек Атамбаев “Апрель” телеканалына берген маегинде кээ бир күчтөрдү «куркулдаган кузгундар» деп атады. Анын пикиринде кыргызстанда конфликт чыгып кетсе алардын пайдасы ошол болот.
“Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди чагыштырып коюп, бир балээ болуп кетсе биз дагы кур калбайбыз деп ойлоп жатышат. Убагында дагы бир жолу айткамын. Азыр дагы кайталаймын. Ушул Азимбектер кузгундарга окшош куркулдап бир нерсе болуп кетсе экен деп турат. Анткени бир балээ болуп кетсе, кан төгүлсө, кудай сактасын, жамандык болсо, булар Азимбектер, Дүйшөбаевдер акчасын табат, пайдасын көрөт.
Чындыгында Сооронбай Жээнбеков мени душман көрүп, мага асылгандан эмне пайда? Ынтымак кемип атат, тынчтык бузулуп атат. Бирок мындай учур кузгундарга майрам да.. Анткени бир балээ болсо пайда табабыз деп алардын тилеги ошол. Булардын тилине президент Сооронбай Жээнбеков да кирип кетти. Бул эрегишүү жакшы эмес. Акыркы жылдары кыргызстан ынтымакта жашап калган, ошону сактап калыш керек болчу”,-деген пикирин билдирди Алмазбек Атамбаев.