• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

А.Эркебаев: «Өмүрбектин жоктугу саясатта катуу билинди» (видео)

15 Бирдин айы 2018 16:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.02.18.Govori.TV

Өмүрбек Текебаевдин жоктугу саясатта катуу билинип жатат. Бул тууралуу академик Абдыганы Эркебаев «Жалбырак ТВ»каналына берген маегинде билдирди.  
«Өмүрбек Чиркешовичтин жоктугу бир жыл ичинде Кыргызстандын саясий айдыңында өзгөчө парламентте билинип турат. Себеби, ал убагында эле парламентте жана кийинки мезгилде да, Алмазбек Атамбаевдин доорунда деле чындыкты сүйлөп, такай өз оюн айтып  келген. Эгер Өмүрбек камалбаганда, президенттик шайлоо дагы башкача нукта жүрүп, катуу кармаш болмок»-дейт Эркебаев.
Мындан тышкары, Эркебаев  «Өмүрбек мен сени мененмин» деген аталыштагы орус тилинде макаласы  жарык көрө тургандыгын кошумчалады.

 

 

 

Количество просмотров: 31