• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

А.Эргешов: «Газпром» курган мектепте байлардын балдары окуйбу?

20 Кулжа 201914:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.06.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарында мектеп курууга жер жок болгондуктан, шаардык мэрия тарабынан «Асанбай» кичи районунун аймагынан 3,5 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Азыркы базар баасы менен эсептесек 5-6 миллиондун тегерегинде турат. Бул туурасында депутат Алмазбек Эргешев Жогорку Кенештин жалпы жыйынында билдирди. Ал кошумчалагандай, «Газпром» менен түзүлгөн меморандумга ылайык 20 миллион долларга заманбап, үч кабаттуу 960 орундуу мектеп курулуп бүттү. Бирок тиешелүү ведомстволорго өткөрүлуп бериле элек. Бирок мектеп расмий ачылган.

Количество просмотров: 23