• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Жогорку сотунун судьясы Абылай Мухамеджанов дүйнөдөн кайтты

18 Теке 202614:04 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын сот тутуму жана Сот тутумунун ардагерлер кеңеши сот тутумунун көрүнүктүү ишмери, мурдагы Юстиция министри жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Мухамеджанов Абылай Джумакадыровичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен чын жүрөктөн көңүл айтат.

Абылай Джумакадырович жөнөкөй кызматкерден тартып мамлекеттик кызматтарга чейинки татыктуу жашоо жана кесиптик жолду басып өткөн. Ал ар кайсы жылдары тергөөчү болуп ийгиликтүү иштеп, Жогорку Кеңештин бөлүмдөрүн жетектеген, Юстиция министри кызматын аркалаган жана узак убакыт бою Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык милдетин кадыр-барк менен аткарып келген.

Анын бийик кесипкөйлүгү, кызматтык милдетине болгон берилгендиги жана принципиалдуулугу кесиптештеринин арасында жана юридикалык коомчулукта татыктуу аброй алып келген.

Судья болуп иштеген мезгилде өз ишин мыкты билген тажрыйбалуу юрист катары өзүн көрсөтө алды жана сот тутумунун өнүгүшүнө зор салымын кошту.

Сот органдарындагы кынтыксыз эмгеги, бийик кесипкөйлүгү жана сот тутумун өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Абылай Джумакадыровичтин жаркын элеси, өз кесибине болгон берилгендиги жана адамгерчилик бийик сапаттары биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Оор жоготуунун кайгысын тең бөлүшөбүз.

Количество просмотров: 6