• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

А.Сулайманов: Текебаевдин иши кайра каралышы керек (видео)

24 Чын куран 2018 19:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.04. 2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу керек экенин Азаттыка маек берип жатып билдирди.
«Ал маселе азыр коомчулукта көтөрүлүп жатат. Ал кишинин маселесин башынан караса деген ойдомун. Туура эмес иштер болгонун коомчулук көрүп турат да. Бул жеке позициям. Ишин башынан караса, туура болот эле. Ал киши менен бир убактарда каршы болуп турган мезгилдерибиз болду. Ал деле адилеттүүлүк үчүн болчу. Азыр деле адилеттүүлүк үчүн айтышым керек, ал кишинин ишин караш керек»- дейт депутат.
Белгилей кетсек, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев далили жок жалган жалаа менен бир жылдан бери абакта отурат.

Количество просмотров: 19