Ысык-Көлдө VI Кыргызстан-Россия экономикалык форуму өтүүдө. Иш-чаранын расмий ачылышында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын «Достук» ордени менен сыйланды.
Сыйлыкты Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук тапшырды.
«Достук» медалы Акылбек Жапаровго эки өлкөнүн достугун жана кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.