• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

«Аалам сулуусу-2018» сынагынын жеңүүчүсү Катрион Грэйдин сүрөттөрүнө назар салыңыз

17 Бештин айы 201818:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.12.2018.Govori.TV

 Таиландда өткөн «Аалам сулуусу-2018» эл аралык сынагында филиппиндик Катрион Грэй жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалым болгондой, сынактын финалы бүгүн, 17-декабрда болуп, анда 5 сулуу таажы үчүн ат салышты.

Финал Банкгоктун «Impact Arena» борборунда орун алып, «Аалам сулуусу-2018» сынагынын жеңүүчүсү 24 жаштагы Катрион Грэй болду. Таажы тагынган сулуу ВИЧ, СПИД оорулары боюнча маселелерди чечүүгө багытталган «Love Your self » компаниясында, коммерциялык эмес «Young Focus» компаниясында ыктыярчы болуп иштейт. 

Аталган сынакка Кыргыз өлкөсүнөн биринчи жолу «Кыргызстан сулуусу-2017» сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова катышып, жарым финалдан өтпөй калган.

«Аалам сулуусу-2018»  сынагынын жеңүүчүсү Катрион Грэйдин сүрөттөрүнө назар салыңыз!



Количество просмотров: 12