Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши бүгүн, 11-февралда кезексиз жыйын өткөрүп, муфтий Максатбек Токтомушевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын карап, канааттандырды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна кеңештин төрагасы Абибилла Кадырбердиев билдирди.
Кадырбердиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) муфтияттагы каржылык мыйзам бузуулар тууралуу айыптоосуна байланыштуу маселе каралбаганын “Азаттыкка” төмөнкүчө билдирди:
“Ал жөнүндө Аалымдар кеңешинин эч кандай маалыматы жок. Себеби ал иштер банкта болгон. Банкка кирүү укугу муфтий менен муфтияттын башкы эсепчисинде гана болгон. Башка эч кимде кабар жок. Борбордук текшерүү комиссиясы өзүнүн актын берди. Ал муфтияттын банктан сырткаркы каржы иштери боюнча отчету”.
Бүгүнкү жыйында Аалымдар кеңешинин кезектеги курултайын 5-апрелде өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан өз эрки менен кетип жатканын башкармалыктын маалымат кызматы 10-февралда билдирген.