• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Султанбековду, Карамушкинаны жана Түрксеверди күнөөлүү деп тапкан чечим күчүндө калды

15 Тогуздун айы 202516:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди күнөөлүү деп таап, пробация менен абактан бошоткон райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Мындай чечимди сот 15-октябрда чыгарганын айыпталуучулардын адвокаты Айбек Турдуев “Азаттыкка” билдирди.

Айыпталгандардын бири – Ирина Карамушкина башка иш – “Кой-Таш” иши боюнча 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, камакта олтурат.

Султанбеков, Карамушкина жана Түрксевер 2024-жылы ноябрь айында жергиликтүү кеңештерди шайлоонун алдында кармалып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча айып тагылган.

Теги:
Количество просмотров: 204