Бишкектеги Биринчи май райондук соту 17 жаштагы Дарья Попованы өлтүрүүгө шек саналган өгөй атасы Евгений Бертрамды к үнөөлүү деп таап, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажарытты.
Анын үй-мүлкү конфискацияланып, жазасын катаал режимдеги абакта өтөйт.
Былтыр 30-октябрда Бишкектеги мектептердин биринде 11-класста окуган Попова сабакка бараткан маалда жоголуп, ошол күнү кечинде сөөгү шаардын четинен табылган. Бул үрөй учурган окуяга шек саналып анын өгөй атасы ошол эле күнү Ысык-Көлдө кармалган.