• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Аба ырайы: Өлкөдө 11-12-январда кар жаап, суук болот

10 Үчтүн айы 2018 11:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.01.18.Govori.TV

2018-жылдын 11-январында эртең менен, күндүз жана 12-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу  ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн —7…-12°, күндүз -1…-6° суук,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн —9…-14°, күндүз —1…-6° суук,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз —5…-10° суук,

Бишкекте  түндө 2…4 градуска чейин төмөндөсө, күндүз 0…2 градус жылыйт.

Ал эми бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32°, күндүз —9…-14° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Количество просмотров: 7