4-июнда саат 22:20 чамасында жааган жаандын кесепетинен Сузак районунун Төш айылында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сел суулары айылдагы 20 турак үйдүн короосун каптаган. Анын ичинен 2 турак үйдүн кампасына жана 4 турак үйдүн сарайына суу кирген.
«Бүгүн, 5-июнда селдин кесепеттерин жоюу иштерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 21 куткаруучу, 3 мотопомпа, жарандык коргонуу кызматтарынан 42 кызматкер жана жергиликтүү тургундар тартылды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери улантылууда.