• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аба-ырайы: Бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт

24 Үчтүн айы 2023 10:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору бүгүн, 24-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2…-7, Талас облусунда -7…-12, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында -2…+3, Нарын облусунда -11…-16 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы -2…-4 градус болушу күтүлөт.

Количество просмотров: 535