• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Аба ырайы туруксуз болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт

11 Тогуздун айы 2018 16:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.10.2018.Govori.TV.
2018-жылдын 12-октябрында Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериңде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу, -деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
13-октябрда күндүз жана 14-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, 14-октябрда Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.
15-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.
Количество просмотров: 14