• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Абактагы Абдил Сегизбаев рак илдетине чалдыкканы айтылды

24 Жалган куран 202217:38 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин экс-төрагасы Абдил Сегизбаев рак илдетине чалдыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине юрист Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, Сегизбаевге калкан безинин рагы деген диагноз коюлган.

«Абдил Сегизбаев туруксуз стенокардия жана калкан безинин рагы менен ооруйт. Бул диагноздор мамлекеттик медициналык мекемелер тарабынан берилген медициналык документтер менен тастыкталат. Менин кардарыма коюлган диагноздор өкмөт тарабынан бекитилген, кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмесине киргизилген. Жактоочу тарап Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч менен кайрылууга ниеттенүүдө», — деди Кайсын Абакиров.

Эске салсак, Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгон. 2021-жылдын январь айынан бери УКМКнын мурдагы төрагасы камакта.

Количество просмотров: 1357