• Шаршемби 29 Жетинин айы 2023
  • Среда 29 Ноябрь 2023

Абактагы Адахан Мадумаров ооруканага жеткирилди

26 сентября 2023 в 16:27 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан ооруканага жеткирилди. Маалыматты жактоочусу 24.kg агенттигине Гуляна Убалаева тастыктаган.

Анын айтымында, саясатчыны бүгүн алып кетишкен.

«Бирок дарыгерлер ага кандай диагноз коюшканы азырынча белгисиз», — деди жактоочу.

Ал эми бул тууралуу УКМК азырынча маалымат бере элек.

Эске сала кетсек, Адахан Мадумаровго КР Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык” беренеси боюнча айып тагылган. 2-сентябрда ал кармалып, соттун чечими менен УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Количество просмотров: 1399