• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Абактагы Ишенбековго ооруп жаткан апасына жолугууга уруксат берилди

1 Жалган куран 202518:04 Бишкек Govori.TV

Беш жылга кесилген журналист Азамат Ишенбековго ооруп жаткан чоң апасына жолугуу үчүн үч күнгө уруксат берилди. Бул тууралуу 1-мартта анын адвокаты маалымдады.

Анын айтымында убактылуу кое берүү боюнча арыз менен кайрылган, абак кызматкерлеринин коштоосунда Ишенбеков Нарын облусуна кетти.

Азамат Ишенбековдун жакындары чоң апасын Токмоктогу ооруканадан чыгарып, Нарынга алып баратканын, абалы оор экенин билдиришти.

Буга чейин “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасында бийликке кайрылып, журналистти убактылуу кое берип, ал абакка кайтып келерине өзү кепилдик болорун жазган.

Количество просмотров: 239