• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абактагы Карабаевдин апасы бийликке кайрылуу жасады (видео)

18 Аяк оона 202416:23 Бишкек Govori.TV

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, учурда абакта жаткан Жоомарт Карабаевдин апасы бийликке кайрылуу жасады.

Ал баласынын абактан жазган катынан кийин кайрылуу кылууну чечкен. Анын кайрылуусун укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова фейсбук баракчасына жарыялдады.

Карабаевдин апасы президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып уулунун ишин калыстык, адилеттик менен карап, өз көзөмөлдөрүнө алуусун өтүнгөн

Белгилей кетсек буга чейин Жоомарт Карабаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүсү ага басым-кысым кылганын айтып, абактан кат жолдогон. Катта президенттен ага каршы куугунтуукту жана мыйзамсыз козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алууну сураган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Жоомарт Карабаевди 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

Количество просмотров: 126