24-январда Социал-демократтар партиясынын былтыр ноябрдан бери камакта жаткан төрагасы Темирлан Султанбеков Бишкек шаардык милициясында кыска мөөнөткө эс-учун жоготту. Маалыматты анын адвокаты Аскат Алымкулов «Азаттыкка» ырастады.
Адвокат Султанбеков тергөө иш-чараларына катышып жатканын айтты.
«Cултанбеков 72 күндөн бери ачкачылык кармап жатканына байланыштуу абалы начарлап кеткендиктен кыска мөөнөткө эс-учун жоготуп жыгылды. Өзүнө келгенде медициналык жардамдан баш тартып «үйүмө кетким келет, мени убактылуу тергөө жайына жеткиргиле» деп суранды», — деди адвокаты.
Алымкулов кошумчалагандай, Султанбековдун ата-энеси жана жакындары саясатчынын эркине каршы ачкачылыктан чыгаруу чечимин кабыл алышты. Медиктер ага тамчылатма дары куюшту.
Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы азырынча комментарий бере элек.
Темирлан Султанбеков 2024-жылы 13-ноябрда “добуш сатып алуу” беренесине шек саналып камалган. Ал кармалган күндөн бери саясий ачкачылык кармап,