• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Абактагы уулуна телефон берүүгө аракет кылган жаран аныкталды

24 Бештин айы 202417:56 Бишкек Govori.TV

Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери соттолгон жаранга уюлдук телефон берүү аракетин токтотушту.

Мекемеден билдиришкендей, 23-декабрда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан №3 мекемеде соттолгон адамга тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз киргизүү аракети катталды.

Ж.К. аттуу жаран соттолгон С.Р. аттуу уулуна азык-түлүк алып келген. Текшерүү учурунда кызматкерлер тарабынан кургатылган жемиш салынган баштыкка катылган уюлдук телефонун табылып алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 446-беренесине ылайык протокол түзүлгөн.

Топтолгон материалдар Ысык-Ата райондук сотуна жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 172