• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Абактан чыкканына бир күн болгон. Чүйдө 39 жаштагы аял инисинин өлүмүнө шектелүүдө

1 Теке 2021 10:32 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда киши өлтүрүүгө шектелип маркумдун бир тууган эжеси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү Ысык-Ата РИИБине Сары-Жон айылындагы сарайлардын биринен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анда жаракаттар байкалып, ал 1985-жылы туулган М.А. аттуу жаран экендиги такталган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон жарандын 1982-жылы туулган бир тууган эжеси кармалган. Териштирүү учурунда каза болгон жаран 29-июнь күнү абактан бошоп чыгып, жакындары менен түлөө өткөрүшкөн. Эртеси эжеси экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, эжеси аны жип менен муунтуп салган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 3768