• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Көчөдө аялды ур-токмокко алган киши кармалды (видео)

5 Кулжа 202511:54 Бишкек Govori.TV

Соцтармакта жол ортосунда аялды ур-токмокко алган кишинин видеосу тарады. Окуя кечээ Жал кичи районунда болгону аныкталган.

Видеодон аял жүрүп бараткан унаадан секирип кеткенин, жолдо бараткан адамдардан жардам сураганын көрүүгө болот.

Милициянын маалыматына ылайык 4-июнда Г.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

«Арызда ошол эле күнү 17:40 чамасында Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө Ж.У. аттуу жаран ага күч колдонуп, «Honda Fit» үлгүсүндөгү унаага салып алып кетүүгө аракет кылганын билдирген. Арыздануучу унаа жүрүп бара жаткан учурда түшүп кеткен, бирок ага карабай, шектүү аны кайра унаага салып кетүүгө аракет кылган. Башка адамдардын кийлигишүүсү менен жабырлануучу качып кутулган. Шектүү жабырлануучунун денесине залал да келтирген. 5-июнда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-165-беренеси (Адамды уурдоого аракеттенүү) боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иш-чараларынын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан 1990-жылы туулган Ж.У. кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 357