• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мастыктан улам адам өлтүргөн

16 Аяк оона 202415:59 Бишкек Govori.TV

Кемин районунда тартип сакчылары арак ичип шеригин сабап өлтүргөн жаранды кармашканын Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 14-сентябрда Кемин районунун Ильич айылында болгон. 40 жаштагы Т.И. жана 38 жаштагы Ш.Т. спирт ичимдигин ичип, ортодо чыр чыккан. Ш.Т. шеригин сабап, ал ооруканага түшкөн. Бирок ал эсине келбей реанимацияда каза болгон.

Бул факты боюнча укук коргоо кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин «Адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси боюнча иш козгоду.

Дароо изи сууй электе 38 жаштагы Ш.Т кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 159