• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Абактан шектүүнү качырды делген 2 милиция кызматкери кармалды

6 Кулжа 2023 17:57 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан Ысык-Ата районунун убактылуу кармоочу жайынан качуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-июнь күнү саат 01:40 чамасында Ысык-Ата районунун ИИБнин убактылуу кармоочу изоляторунун нөөмөтчү-милиционери Ж.Т.К. жана милиционери Д.Б.К. кызмат абалдарынан пайдаланышып, райондук соттук кароосундагы адамды уурдоо, эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу, каракчылык жана адам өлтүрүүгө аракеттенүү фактылары боюнча өзгөчө оор кылмыштар менен айыпталган айыпталуучу “С.К.Т.”ны белгисиз тарапка качып кетүүсүнө көмөктөшүшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө, аталган райондун ИИБнүн убактылуу кармоочу изоляторунун нөөмөтчү-милиционери “Ж.Т.К.” жана милиционери “Д.Б.К.” шектүү катары кармалып, камакка алынган. Учурда иш боюнча тергөө амалдары улантылып, анын жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган зарыл тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 236