Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Бремен шаарына барып, жайкы эмгек программасынын алкагында жүргөн кыргызстандык студенттер менен жолукту.
Анын айтымында, немис тарап менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келишимде каралган жана каралбаган бир катар маселелер оң жагына чечилүүдө.
Маалыматка ылайык, студенттер 28 календардык күнгө гана кепилдик берилген эмгек келишимдерине кол коюшкан.