• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абактарда экстремист, террорчу катары кесилгендер менен аялдар чогуу отурабы?

16 Бештин айы 202412:16 Бишкек Govori.TV

«Кылым шамы» коомдук уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Ал ушул тапта «массалык башаламандык жана бийликти басып алууга чакырык жасоо» беренелери менен айыпталып жатышкан Зарина Төрөкулова жана Каныкей Аранова жалпы режимдеги түзөтүү мекемесинен террористтик жана экстремисттик кылмыштар үчүн соттолгон адамдар кармалган катаал режимдеги түзөтүү мекемесине которулуп жаткандыгын билдирген.

Эске салсак, Зарина Төрөкулова социалдык тармактарда эки пост бөлүшкөнү үчүн кармалып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Ушул жылдын июль айында Жогорку Сот да шаардык соттун 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырган.

Ал эми Каныкей Аранованы Бишкек шаардык соту 3,5 жылга эркинен ажыратса, Жогорку сот ушул жылдын август айындагы чечими менен аны күчүндө калтырган.

Гүлшайыр Абдирасулова: «Куралдуу кагылышууларга катышкан, киши өлтүргөн жана башка зомбулукка негизделген кылмыштарды жасаган адамдар сөзсүз соттолушу керек деген сунуш киргизилген. Ошондой эле башка соттолгондорду үгүттөөнү болтурбоо максатында аларды бөлөк кармоо чечими кабыл алынган. Бул талаптар Кылмыш-аткаруу кодексине киргизилгенде, терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондордун бардыгына бирдей колдонулган. Ошондо биз жарандык активисттер, укук коргоочулар зомбулук колдонгон, киши өлтүргөн, барымтага алган, террордук акт жасаган адамдар менен, пост жазуу, лайк басуу, кайра бөлүшүү же жөн гана WhatsApp аркылуу келген материалдарды билбестен сактаган адамдарды айырмалап кароо зарылчылыгы жөнүндө маселе көтөргөнбүз», — дейт.

Укук коргоочу Г. Абдирасулова КР Президенти С. Жапаровдон «зомбулук менен байланышпаган экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорго карата Кылмыш-аткаруу кодексинин 79-80-96-97-124-жана 126-беренелеринин колдонулушуна мораторий киргизүүнү өтүнгөн».

Ал эми Жогорку соттун төрагасынан «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-аткаруу кодексине экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар боюнча соттолгондорду категорияга бөлүү маселесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөөнү өтүнгөн».

Количество просмотров: 278