Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №31 түзөтүү абагынын жетекчиси А.Т.О. коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМкнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, А.Т.О. өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жазасын өтөп жаткан адамдан жатак-абакка которуу же шарттуу түрдө бошотуу боюнча материалдарды даярдоо үчүн акча талап кылган.
КР Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча каралган кылмыштын негизинде «А.Т.О.» акча алып жаткан жеринен кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.