• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Абалы начарлаган Суранова камакта калды

27 Бештин айы 2022 10:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган жарандык активист Перизат Суранова камакта калды.

Мындай чечимди бүгүн, 27-декабрда шаардык сот чыгарды.

Сотто Перизат Суранованы апасы менен жолуктурууга уруксат беришкен жок.

Бишкекте 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

ИИМ бул адамдарды массалык тополоң уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

Бишкектин Биринчи май райондук соту башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Алар соттун чечимине нааразы болуп ачкачылык жарыялашкан.

Саясатчы, активисттер Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 159