• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Перизат Суранова ооруканадан үйүнө чыкты

6 Жалган куран 202312:00 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган жарандык активист Перизат Суранова ооруканадан чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу Жаныш Бараков билдирди.

Маалым болгондой, Сурановго операция жасалып, учурда үйүнө чыгарылды.

Эске салсак, Суранова ден соолугуна байланыштуу 14-февралда Чүй облустук ооруканасына жеткирилген. Кийин анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Бишкекте өткөн жылдын 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган. ИИМ бул адамдарды массалык тополоң уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 20-апрелге чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Саясатчы, активисттер Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бир нечеси ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 124