• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Суранованын сотунда чуу чыкты

27 Бештин айы 2022 11:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту 27-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын кароону улантууда. Шаардык сот жарандык активист Перизат Суранованын бөгөт чарасын карап, мурдагы чечимдерди өзгөртүүсүз калтырды.

«Бөгөт чарасы боюнча жарым-жартылай же толугу менен үй камагына чыгаруу деген бар. Сутка бою үйдон чыкпайт. Социалдык тармактарды колдонууга, телефон менен сүйлөшүүгө тыюу салынат. Аялзаты, үйгө чыгарып коюңуздар. Азыр негизсиз айыпталып жатат», — деди Суранованын жактоочусу Жаныш Бараков.

Сот жактоочулардын үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган жок. Ушундан кийин сот залында ызы-чуу чыгып, Суранованы колдоп келгендер аны бошотууну талып кылышты.

Количество просмотров: 199