Бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин Ишеним фракциясынын жыйынында, 2022-жылдын сентябрь айындагы Баткен областынын кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен талкаланган турак үйлөрдү куруу, инфраструктура объекттерин реконструкциялоо жана социалдык объекттерди куруу жөнүндөгү маселе каралды.
Анда депутат Айсара Абдибаева, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимовго суроо узатып жатып, анын бул кызматты аркалап жаткандыгына 2 ай эле болгонуна токтолуп, жаңы келгенине байланыштуу эч нерсе билбей турганын айтты.
«Бул жерде жаңы келгенине байланыштуу өздөрү эч нерсе түшүнбөйт да. Азыр кадр алмаштыруу менен эле алек болуп атышат»,-дейт Абдибаева.
Мындан сырткары Баткенде курулуп жаткан үйлөр тууралуу маалымат кагаз жүзүндө башка, иш жүзүндө башка болуп жатканын сынга алды.
Ага келтирген тиешелүү тараптын жүйөөсү туура эместигин кошумчалады.