• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кадр саясатындагы башаламандык эмнеге алып келет?

2 Жалган куран 2023 10:12 Бишкек Govori.TV


Эки жылдын ичинде Бишкекте 8 жолу мэр алмашса, Каржы министрлигинде 15 орун басар , Саламаттык сактоо министрлигинде 5 орун басар, Энергетика министрлигинде 7 орун басар, Маданият министрлиги менен Адилет министрликтеринде 4төн орун басар, Билим берүү жана илим министрлигинде 4-жолу министр алмашып, Транспорт министрлигинде болсо 3-министр иш алып барып жатканын эл өкүлү Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында мындай көрүнүш оң натыйжа бербейт.

Кадрлардын туруктуу, узак иштешүү үчүн башында адис тандоодо жаңылбаш керек. Керек болсо аларды атайын окутуп туруу жакшы жыйынтык бере турганын депутат Исхак Масалиев белгиледи.

Эл өкүлү Эмил Токтошев 6 айда адис өзүнүн дараметин далилдейт. Иштей албаса кызматтан алуу туура эле көрүнүш деп эсептейт.

Депутат Балбак Түлөбаев учурдагы кадрдык саясат туура жүргүзүлүп жатканын айтты.
Жогорудагы жагдайлар 2021-жылдан берки эле орун алмашуулар болду. Эми орун алмашуудан сумма өзгөрүп, жакшы жыйынтык болобу же кызматта узагыраак калып, туруктуулук сакталса оң болоорун убакыт көрсөтөт…

Количество просмотров: 125