• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Дайындоосу сындар менен коштолгон Улукбек Марипов ким?

4 Бирдин айы 2021 11:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын эгемен  тарыхында 30дан ашуун өкмөт башчы алмашты. Бул жолу премьер-министрлик кызматка Улукбек Марипов сунушталууда.

42 жаштагы Марипов Оштун Ноокат районунда туулган. Ош мамлекеттик жана Ош технологиялык университеттерин аяктап, экономист жана юрист деген кесиптерге ээ болгон.

Эмгек жолун Финансы министрлигинде жөнөкөй адистиктен баштаган Марипов эки жылдан кийин бажы жана салык тармагынын башын кошкон Кирешелер боюнча комитеттин ошол маалдагы төрагасы Шадиевдин жардамчысы болгон.

Кийин президенттик аппаратка жумушка которулуп, 2011-жылдан тартып төрт жыл бою мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болгон.

2015-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына дайындалып, бир жыл өтпөй Эсеп палатасын башкарууга которулган.

Талапкердин эмгек жолу жана азыркы кызматка сунушталып жатканы тууралуу кептер жаралды.

20 жылдык кызматтык тажрыйбасына таянган Улукбек Марипов өкмөттү башкарууга даяр экенин билдирип, атасынан атын булгабоого аракет кылаарын айтат.

Белгилей кетсек, Улукбек Марипов — Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, Ноокат райондук ооруканасынын учурдагы директору Асамидин Мариповдун уулу. 73 жаштагы Асамидин Марипов бир палаталуу парламентке Ноокат округунан депутат болуп шайланган.

Ал эми болочок премьердин иниси Бактыбек Марипов Ноокат районунун акими болсо аталаш агасы Болотбек Марипов Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Мндай таасирдүү үй-бүлөөдөн чыккан талапкердин дарегине да нааразы кептер айтылып, бул маанилүү кызматты жөндөп кете алабы деген суроолор жаралды.

Ал эми айрымдар өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Марипов президенттин айтканынан чыкпай, парламент менен кызматташа алат деген негизде кызматка келип жатат деген пикирлерин билдиришүүдө. Ал эми Марипов өзү бул кызмат тууралуу сунуш президент Садыр Жапаровдон түшкөнүн айтып келет.

Бирок коомчулук учурда премеьр боло турчу бул кадр кызматын андан ары алып кете алаарына көзү жетип-жетпей  эки ара жолдо турган чагы.

Кошумчалай кетсек, жаңы Конституциянын долбооруна ылайык, премьер-министр деген кызмат жоюлганы турат. Жаңы президент аткаруу бийлигин да өзү көзөмөлдөйт. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы президенттин аппаратын да жетектеп, саясий салмагы азаят. Тактап айтканда, алдыңкы айларда өтчү референдумда Баш мыйзам көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынса, Улукбек Марипов коалициялык өкмөттүн соңку башчысы болуп калмакчы.

Количество просмотров: 88