• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Абдикаримов: Коронавирус жуккан 5 адамдын абалы туруктуу оор бойдон калууда

6 Чын куран 2020 10:49 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жуккан 5 адамдын абалы туруктуу оор бойдон калууда. Бул тууралуу КР саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусунда, ооруканада жаткандардын саны 202 кишини түзөт.

«Эки бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган, үчөө кислород менен дем алууда. Бешөө тең реанимацияда», — дейт министр.

Белгилей кетсек, 6-апрелге карата Кыргызстанда дагы 69 адамда коронавирус аныкталып, жалпы ооругандардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 33 адам оорудан айыккан. Ал эми коронавирус жуктуруп алган 4 адам каза болду.

Количество просмотров: 176