16-февралда VII чакырылыштагы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 3-протоколук жыйынында Аалымдар Кеңешинин төрагасы Көчкөнбай ажы Садиллаев ден соолугуна байланыштуу төрагалык кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, АК мүчөлөрү тарабынан арызы канааттандырылды. Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнүн бирдиктүү добушу менен Масалиев Абдиманап Маликович Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Масалиев Абдиманап Маликович 1965-жылы Баткен шаарында туулган.