Бүгүн, 4-мартта Кыргызстанда жер титиреп, коңшу Казакстан менен Кытайда да сезилди. Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов социалдык тармактагы баракчасына бүгүнкү жер титирөөнүн эпиборбору 1911-жылдагы күчү 11 баллга жеткен Кемин жер титирөөсүнүн очогуна дал келгенин жазды.
«Чоң-Кемин өрөөнүндө болгон жер титирөөнүн күчү 6 баллга жеткен. Бул өтө деле күчтүү эмес. Алматы жакын болгондуктан аларга катуураак сезилди. Бишкекте 3-3,5 балл болду. Негизи бул кадыресе эле көрүнүш. Жыл ичинде мындай 5-7ге жакын жер титирөө катталат. Бүгүнкүнүн өзгөчөлүгү — 1911-жылдагы Кемин жер титирөөсүнүн очогунда болгондугу», — деп билдирди.
Кошумчалай кетсек, 1911-жылы Кеминде катуу жер титиреп, 500дөй адам каза болуп, миңдеген үйлөр кыйраган.